14.10.2019 09:27

Егор Паньшиндин өлүмү боюнча сотко чейинки текшерүү башталды

Егор Паньшиндин өлүмү боюнча сотко чейинки текшерүү башталды

Бишкекте BOOM Studio директору Егор Паньшиндин өлүмү боюнча сотко чейинки текшерүү башталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. 

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Азырынча Егор Паньшин өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн деген божомол бар.

Егор Паньшиндин жакындарынын айтымында, ал эртең менен чуркаганы кетип, кайра кайтып келген эмес.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-октябрда болжол менен 09:30 чамасында Октябрь райондук ИИБге «Асанбай» кичирайонуна чектеш токойдон европалык түспөлдөгү адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ келген маалда тизелеп отурган жансыз денени табышкан. Анын мойнунда электр узарткычы оролуп, бир учу бакка байланып турган. Анын өздүгүн такташканда, Boom Studio директору Егор Паньшин болуп чыккан.

Алдын ала алынган  маалыматтарга караганда, Паньшиндин акыркы убактарда жумушунда көйгөйлөр жаралып, карыздары болгон.

Бул факт боюнча бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын жагдайлары териштирилүүдө.